|
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу финансылык отчеттуулук
стандарттары жана аудит боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы
Канатбек Чолпонбаевич Сагынов 2003 ж. 1 апрельде «Эркин-Тоо» гезитине берген
интервьюсу.
Мындан миң жыл мурда улуу жолбашчы
Тимурдун мезгилинде жүрүшкө жөнөгөн
ар бир жоокер өз ташын бир жерге ыргытышып, кайтып келатканында
анысын кайра алышкан. Алынбай калган таштардын саны боюнча канча
жоготууга учурашканы аныкталып, олжолор улөштүрүп,
сый-урматтоолор көрсөтүлүп, сыйлыктар берилген.
Ошентип олтуруп, бухгалтердик эсеп акырындык менен жогорку мамлекеттик
мааниге эз боло баштаган. Азыр болсо коомдук өндүрүштүн
бардык тармактарында колдонулууда. Бүгүнку күндө
эрктүүлүккө ээ болуубуз жана Кыргыз Республикасынын
Президента Аскар Акаевдин түздөн-түз жетекчилиги менен
жүргүзүлгөн зор иштердин аркасында Бүткүл
дүйнөлүк соода уюмуна кируубуз менен биздин өлкөбүз
эл аралык шериктештиктин толук кандуу катышуучусу болуу үчүн
финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына өтүүдө.
Ушуга байланыштуу биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
караштуу финансылык отчеттуулук стандарттары жана аудит боюнча
Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Канатбек Чолпонбаевич Сагыновго
кайрылып, суроолорубузга жооп апдык.
—Канатбек Чолпонбаевич, айтыңызчы, Сиз жетектеген Мамлекеттик
комиссия качан түзүлгөн жана ага кандай милдеттер жүктөлгөн
эле?
— Кыргыз Республикасынын Президентинин
2000-жыпдын 3-апрелиндеги «Кыргыз Респубаикасындагы бухгалтердик жана
финансылык отчеттуулук системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндөгү»
Указына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу финансылык
отчетгуулук стандарттары боюнча улуттук комиссия түзүлгөн.
Ага Кыргыз Республикасындагы бухгалтердик эсеп системасын реформалоо жана
аны финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык келтирүү
милдеттери жүктөлгөн. Кийинчерээк бул улуттук комиссия
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы №363
«Башкаруунун борбордук органдарын кайра уюштуруу жөнүндөгү»
Указына ылайык Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө
караштуу финансылык отчеттуулук жана аудит боюнча Мамлекеттик комиссия
болуп кайра түзүлдү. Кыскасы, Мамкомиссня
республикадагы бухгалтердик эсеп жана аудит системасын реформалоо жагында
бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү
мамлекеттик орган болуп саналат.
— Эми сиздер тарабынан конкретгуу кандай иштер жасалып жатканына
токтолуп кетсеңиз?
— Ишти «2000-2002-жылдар мезгилинде
финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык Кыргыз
Республикасындагы бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын
реформалоо программасын» иштеп чыгып, бекитүүдөн
баштадык. Бул программага ылайык жана узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн
кийин Мамкомиссия тарабынан бухгалтерлердик эл аралык федерациясынын
финансылык отчетгуулуктун эл аралык стандарттары боюнча комитети (Лондон
шаары) менен макулдашууга жетишилип, Кыргыз Республикасында ФОЭСти басуу,
жарыялоо жана таркатуу укугуна лицензияпык макулдашууга кол коюлду. Азия өнүгүү
банкынын (АӨБ) жана –"Прагма" корпорациясынын (ЮСАИД)
спонсордук колдоосу менен «ФОЭС — 2001" китебинин биринчи 1000
нускасы басып чыгарылды, ал КМШ өлкөлөрүндөгү
орусча которулган биринчи басылма болуп саналат жана биздин Мамлекеттик
комиссиянын гана ага толук укугу бар. Биринчи нускаларын таратуудан түшкөн
каражаттарга "ФОЭС—2001" китебинин дагы 3000 нускасы чыгарылды.
Бүгүнкү күнгө чейин анын 2000 нускасы
таркатылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
«Кыргыз Республикасындагы финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттары
жөнүндөгү" 2001-жылдын 28-сентябрындагы №
593 токтому менен Кыргыз Республикасындагы финансылык отчеттуулук стандарттары
катары ФОЭС жана юридикалык жактардын биринчи кезекте фондулук биржада
листингден өтүшкөн коммерциялык баиктардын, акционердик
коомдордун ФОЭСке этабы менен өтүүсүнүн
графиги бекитилди. Өкмөттүн бул токтомун аткаруу
максатында Мамкомиссиянын адистери тарабынан -Бухгалтердик эсеп жөнүндө»
жана «Аудитордук ишмердүүлүк жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары иштелип чыгылып, аларды КР Жогорку
Кенеши кабыл алып, Президент кол койгон сон тийиштүү түрдө
2002-жылдын 8-майында жана 7-августунда күчүнө кирди.
Кыргыз Республикасында аудиттин
эларалык стандарттарын (АЭС) кабыл алуу максатында узакка
катжазышуулардан соң, Мамкомиссия бухгалтерлердик эларалык
федерациясынын эларалык аудитордук практика боюнча Комитети (Нью-Йорк
шаары) менен 2001-жылдын АЭСинин орусча котормосун басуу Жана таркатуу укугуна
лицензиялык макулдашууга кол койду.
«Аудитордук ишмердүүлүк
жөнүндөгү» КР мыйзамынын кабыл алынганына жана
аудитордук ишмердүүлүктү аттестациялоо жана
лицензиялоо системасын өркүндөтүү
максаттарына байланыштуу КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын
4-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген «Ишкерчилик ишмердүүлүгүнүн
айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндөгү»
жобонун 23-бөлүмүнүн жаңы редакциясы,
ошондой эле «Классификациялык сертификат алуу, берүү жана
чакырып алуу укугуна талапкерлерге квалификациялык экзамен (аттестация) өткөрүү
эрежелери» иштелип чыгылып, өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилди.
«Мамлекеттик органдар тарабынан
Кыргыз Республикасындагы бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулук
жагында кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын реестрин жүргүзүү
тартиби жөнүндө», Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын,
жеке аудиторлордун, профессионалдык аудитордук бирикмелердин мамлекеттик
реестрин жүргүзүү жөнүндөгү»
жоболор иштелип чыгылды жана мамкомиссилнын коллегиясынын токтому менен
бекитилди.
— Эмми чарбалык субъекттерге методикалык жардам көрсөтүү
жагы кандай чечилип жатат?
— Классификацнялык экзамендерди жүргүзүүнүн
жыйынтыгы менен мамлекеттик комиссия 230 квалификациялык сертификаттарды
берди. Бүгүнкү күндө республикада 42
аудитордук уюм жана 29 аудитор аудитордук ишмердүүлүктү
алып барышууда.
Финансыпык отчеттуулуктун эларалык
стандарттарына (ФОЭС) өтүүдө чарбалык
субъекттерге методикалык жардам корсөтүү үчүн
Мамкомиссия тарабынан -2002-жыл үчүн финансылык отчегтуулукту
тапшыруу жөнүндөгү инструкция, «БЭКСке жана
ФОЭСке өтүшпөгөн ишканалар үчүн
финансылык отчеттуулукту тапшыруу жөнүндөгү»
убактылуу жобо, «Субъекттердин финансы-чарбалык ишмердүүлүктөрүнүн
бухгалтердик эсебинин эсеп-тешүүлөр планы жана аны
колдонуу боюнча методикалык сунуштар», «ФОЭС талаптарына ылайык
бухгалтердик эсеп жүргүзүүгө өтүү
боюнча методикалык сунуштар», -Субъекттердин эсеп саясатын калыптандыруу
боюнча сунуштар", «Бухгалтердик эсеп документтерин жүгүртүү
жөнүндүгү» жобо, «Бухгалтердик терминдердин
орусча-кыргызча кыскача сөздүгү» иштелип чыгылды жана
колдонууга сунуш кылынды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын
Президентинин «Кыргыз Республикасында ишкердикти өнүктүрүү
үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндөгү»
2001-жылдын 15 октябрындагы №273 указын аткаруу багытында «Жеке ишкерлер үчүн
бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн жана
финансылык отчеттуулукту түзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн
формасы боюнча методикалык сунуштар» иштелип чыкты. Мындан сырткары
Мамкомиссия тарабынан ФОЭС боюнча бухгалтерлерди кайра даярдоо үчүн
республиканын Билим беруу жана маданият министрлиги менен макулдашылган
жана жактырылган «Финансылык эсеп-1», «Финансылык эсеп-2» курстарынын
программалары иштелип даярдалды. Жогоруда аталып өткөн
мыйзамдардын, инструкциялардын, жоболордун, программалардын бардыгы,
ошондой эле аудитордун (баалуу кагаздар рыногунун, камсыздандыруучу уюмдардын,
инвестициялык, пенсиялык ж.б. аудити, банктардын жана кредиттик мекемелердин,
алардын союздарынын жана ассоциацияларынын аудити) квалификациялык
сертификатын алууга квалификациялык экзамендерди өткөрүү
программасы брошюра түрүндө басылып чыгарылды.
Намкомиссия ФОЭСке өтүүнү
жүзөгө ашырып жатышкан акционердик коомдордун
бухгалтерлерине жардам көрсөтүү максатында Азия өнүгүү
банкынын «Корпоративдик башкаруу жана сот реформасы» долбоору менен
бирдикте «ФОЭС-тин методикалык негизи жана аны эсеп саясатында
чагылдыруунун тартиби», «Ишканалардын финансылык отчеттуулугун
конверсиялоо» деген темаларда семннарларды, «Финансылык отчеттуулуктун
эларалык стандарттарына өтүү маселелери» тегерек столу,
Кадамжай сурьма комбинатынын жана Баткен облусунун акционердик
коомдорунун бухгалтерлери үчүн «Финансылык отчеттуулуктун
эларалык стандарттарына өтөө-тууралуу көчмө
семинар уюштуруп, өткөрдү. Ошондой эле «Акционердик
коомдордун бухгалтерлерин кайра даярдоо үчүн ЖОЖдордун
окутуучуларын ФОЭСке окутуу методикасы" боюнча эки жумалык семинар
(тренерлер тренинги) да жүргүзүлдү.
Кыргыз Республнкасында бухгалтердик
кесиптин кадыр-баркын көтөрүүнү жана
коомдук мааниснн арттырууну, ошондой эле бухгалтерлердин кесиптик
чеберчиликтерине жана ишинин сапатына стимул берүүнү,
бухгалтерия жаатындагы адистердин кесиптик тилектештигин өнүктүрүүнү
көздөгөн «Жылдын мыкты бухгалтери» республикалык
конкурсу жөнүндөгү жобо иштелип чыгылды жана
Мамкомнссиянын 2002-жылдын 6-мартындагы №5 токтому менен бекитилди.
Ошондон кийин Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика
кызматкерлеринин күнүн майрамдоого карата 2002-жылдын ноябрь
айында «Жылдын мыкты бухгалтеринин-биринчи республикалык конкурсу өткөрүлдү.
Конкурстук комиссия республиканын мыкты 5 бухгалтерии аныктады.
— Ушунча көп иштерди аткарып жаткан Мамлекеттик комиссиянын
структурасын да чечмелей кетсеңиз?
Мамкомиссилнын структурасы өз
алдынчалуу уч бөлүмдөн турат. Алар— бухгалтердик эсеп
методикасы; финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарын киргизүүгө
мониторинг жана көзөмол жасоо; аудит жана профессионалдык
бухгалтерлерди кайра даярдоо бөлүмдөрү.
Мамкомиссиянын аймактык бөлүмчөлөрү жок.
Бизде бардыгы болуп штатта 23 кызматкер эмгектенет. Мына ошолордун жигердүү
күч-аракеттери менен жогорудагыдай алгылыктуу иштерди бүткөрүп
жатабыз. Ошондуктан 3-апрелде түзүлгөнүбүзгө
уч жыл болушу менен жалпы жамаатыбызды куттуктап, жаңы башталыштагы
иштеринде ийгиликтерди, үйбүлөлүк бейпил турмушту
жана коомубуздагы тынчтыкты, ынтымак-ырашкерликти каалап кетким келет.
— Мазмундуу маегиңиз үчүн ырахмат айтабыз жана ишиңиздер
алгалай беришин каалайбыз.
Бактыбек ИМАМАДИЕВ. «Эркинтоо».
|